Кыргыз жергесинде ак илбирстердин болжолдуу саны 280-300гө жакын. Ал эми дүйнө жүзү боюнча алардын саны 6 миңди түзөт. Бул тууралуу бүгүн, 19-март күнү Ак илбирсти жана анын экотутумун сактоо боюнча глобалдык программанын Башкаруу комитетинин жолугушуусунда программанын катчылыгынын мүчөсү
Чыңгыз Көчөров билдирди. Анын айтымында, азыркы тапта 12 мамлекеттин аймагында ак илбирстердин жашоо ареалынын 23 жери табылып, картага түшүрүлгөн. Алардын бири кыргыз жеринде жана анын аянты 450 миң гектарды түзөт.
"Биздин өлкө ак илбирстерди сактоо боюнча ишти 2013-жылы баштады. Эки жыл мурда, 23-октябрь күнү Бишкекте ак илбирсти сактоо боюнча дүйнөлүк форум өткөн. Ал эми бүгүн, эртең ошол иштин уландысына арналган глобалдык программанын биринчи жыйыны өтмөкчү",- деди Көчөров.