Нарын. Нарын шаарында Ооган согушунун ардагерлеринин урматына волейбол боюнча мелдеш өтүүдө

Бүгүн, 13-февралда Нарын шаарындагы №5 жана №7-орто мектептеринде Ооганстандан советтик аскерлердин чыгарылгандыгынын 24 жылдыгына карата волейбол боюнча мелдеш өткөрүлүп  жатат. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет. 1979-1989-жылдары Ооган согушуна катышкандардын жана ал жерден советтик аскерлердин чыгарылгандыгынын 24 жылдыгы 15-февралда белгиленет. Жоокерлердин эрдиктерин даңазалоо, ынтымакты бекемдөө максатында уюштурулган бул мелдеш 3 күнгө созулуп, 25 команда күч сынашат. 

Бул иш-чаранын байге фондуна жергиликтүү бюджеттен 16 миң сом бөлүнгөнүн билдирет мэрия.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан