2010-жылдын 7-апрелинде болгон талап-тоноо фактысы боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыктары тууралуу маалыматты талкуулап жаткан учурда депутат Турсунбай Бакир уулу дагы жыйын залынан чыгып кетти. Ал парламенттик оппозициянын добуш берүүдөн баш тартуу чечимин колдоорун маалымдады. «Парламенттик көпчүлүк дайым эле чын боло бербейт. Аны тажрыйба да, тарых да көрсөттү, токтомго добуш бере албайм, ошон үчүн чыгып кетем»,- деди депутат. Ал эми төрага Асылбек Жээнбеков жыйын залынан чыгып кетүүдөн мурун бул маселенин аягына чыгыш керек деген пикирин айтты. “Урматтуу депутаттар, чыгып кеткендер жакшы, калган депутаттар жаман дегенден алыс бололу”,- деди төрага.