2013-жылдын январь айында Кыргызстанда 2 миллиард 60 миллион сом бажы төлөмдөрү жыйналды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Жогоруда көрсөтүлгөн сумма болжолдонгон суммадан 10,9 миллион сомго ашык чогултулганын жана план 100,5 пайызга аткарылганын билдирди аталган кызмат.