Жогорку Кеңеште 2010-жылдын 7-9-апрелинде болгон талап-тоноолор боюнча токтом кабыл алынды

Бүгүн, 13-февралда өткөн Жогорку Кеңештин жыйынында Бишкек шаарынын №1-СИЗОсунда кармалып жаткан айрым жарандардын 2010-жылдын 7-9-апрелинде болгон талап-тоноолор жөнүндө көрсөтүүлөрүн иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын корутундуларын талкуулаган соң Жогорку Кеңештин токтому кабыл алынды. Анда депутаттык комиссия мүчөлөрүнүн, Башкы прокуратуранын, мекемелер аралык тергөө тобунун 2010-жылдын 7-9-апрелинде болгон талап-тоноолор жөнүндөгү маалыматтарын эске алуу, депутаттык комиссия тарабынан жыйналган материалдарды укук коргоо органдарына жөнөтүү жана күнөөлүү адамдарды аныктоо чаралары айтылган. Мындан сырткары Жогорку Кеңештин токтомунун аткарылышын көзөмөлдөө парламенттин конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш жана адам укуктары боюнча комитети менен Сот-укуктук маселелер жана мыйзамдуулук боюнча комитетине тапшырылды. Үч айдан соң укук коргоо органдарынын токтомдун аткарылуу жүрүмү тууралуу маалыматы угулмакчы. 

 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан