Бишкекте жүргүнчү ташыган 134 кичи автобус каттамдан чыгарылды

Ушул жылдын 8-январынан 13-февралына чейин техникалык талаптарга жооп бербеген 134 жүргүнчүлөрдү ташуучу кичи автобус каттамдан четтетилди. Бишкек шаардык мэриясы билдиргендей, шаардык транспорт башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан кичи автобустардын санитардык жана техникалык абалын жакшыртуу боюнча ар дайым иш жүргүзүлүп, жүргүнчүлөрдү тейлөө маданияты жаатында да текшерүүлөр болуп турат. Каттамдан четтетилген унаалардын 65и кайра калыбына келтирилип, каттамга кошулууга уруксат берилди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан