“Жалал-Абад электр” ишканасына жасалма документтер менен жабдыктар сатып алынып, мамлекетке 1 миллион сом зыян келтирилген

“Жалал-Абад электр” ишканасына 2010-2011-жылдары керектүү жабдыктарды сатып алууда мамлекетке 1 миллион сом зыян келтирилгендиги аныкталды. УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан отун-энергетикалык комплексиндеги коррупциялык көрүнүштөрдү ачыкка чыгаруу боюнча жүргүзүлгөн иш-чаранын жүрүшүндө “Жалал-Абад электр” ишканасы үчүн электр жабдыктарын тендердик жол менен сатып алууда жасалма документ түзүлгөндүгү белгилүү болду. Бул жасалма документ "Улуттук электр станциялар" ишканасынын башкы директорунун орун басары К.Мурзакматов жана “Жалал-Абад электр” ишканасынын камсыздоо бөлүмүнүн жетекчиси И.Ягушев тарабынан түзүлгөн. Бул иш боюнча 12-февралда Башкы прокуратура кылмыш ишин козгогонун билдирет УКМК. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан