"Дүйнөдө Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдей мамлекет башчылары аз. Менин иштегениме 3 жыл болду, дагы 2 жылдан ашыгыраак убактым бар. Президенттик кызматка жаңы киришкенде, азыр деле кеп-кеңеш керек болгондо Назарбаевге кайрылып турам. Эч качан жардамын аябайт. Ушундай адамдар көп болсо..."- деди президент
Алмазбек Атамбаев. Бул тууралуу өлкө башчы 20-мартта Бишкектеги Ала-Тоо конушундагы №82-мектептин ачылыш аземинде айтты.
"Казакстан дүйнөнүн өнүккөн 50 мамлекетинин бири. Ал эми 2050-жылга чейин алдынкы 30 мамлекеттин катарына кошулабыз деп турушат. Мен ишенем, бул тилек аткарылат. Бирок биз, кыргыздар, казактарды карап үйрөнүшүбүз керек. Казакстандын ички дүң продукциясынын көлөмү биздикинен 10-15 эсе көп. Бул деген ар бир казак жараны кыргыздарга салыштырмалуу 10-15 эсе көбүрөөк иштегенинен кабар берет",- деди Атамбаев.
Мамлекет башчы кыргыз мамлекетинде алтын кендерин иштетүүгө каршы чыккандар туура эмес кылып жатканын айтты. "Кендерди иштетпесек мамлекет кантип жашайт? Мейли, Кудай жардам берип, ар кайсы жерден акча сурап келип жатам. Мен эки жарым жылдан кийин кетем, ага чейин кыргыз өлкөсү бутуна туруп кетиши керек",- деди президент.