16-февралда саат 18:00дө Бишкек шаарындагы “Штаб” борборунда француз иллюстратору жана графика боюнча публицист Николя Журнунун “BISHKEK SHORO GIRLS” аттуу долбоорунун бет ачары болот. Маалым болгондой, сүрөтчү Бишкекке аталган борбордун негизинде 1 ай мурун келген. Ал өзүнүн биринчи долбоорунда Бишкек шаарындагы шоро саткан кыздар жөнүндө графикалык шилтемелерди тарткан. "Шоро сатуучу кыздар окуяларга жык толгон турмушубуздун үнсүз күбөлөрү. Жумушун кылуу менен катар, алар үн-сөзсүз турмушубузду күзөтүп отурушат, сүрөттөрүмдө ошону көрсөткүм келген",- дейт өнөрпоз. Мындан сырткары Журну 2 апта бою Бишкек шаарындагы ММКнын кызматкерлерине “ММКдагы саясий иллюстрация жана сүрөттөр” аттуу мастер-класс өткөзгөн. Анда чебер сүрөтчү эмес, бирок саясатка же басмадагы сүрөткө кызыккан журналисттер француз сүрөтчүсүнөн билим алганы келишкен. Николянын биринчи долбоору менен биргеликте бул күнү мастер-класстын окуучуларынын эмгектери да көрүүчүлөргө тартууланмакчы. “Бишкекке бир канча ирет келишим. Ошентсе да бул жер мага аябай жагат. Мен Кыргызстан менен Казакстандын искусство дүйнөсүндөгү сүрөтчүлөрүн көп салыштырам. Кыргыз сүрөтчүлөрү постсоветтик стилдеги сүрөттөрдү жакшы тартышат. Ал эми иллюстрация жагынан алдыга умтулуу аракеттери бар. Анткени мен окутуп жаткан окуучулар аябай күчтүү. Бир нерсени бат кабыл алышат. Алардын ойлонуусу жана фантазиясы абдан күчтүү экен. Буюрса, ММКдагы кызматкерлерди окутуу үчүн ушул жылдын жай мезгилинде дагы бир долбоор түзүлүшү мүмкүн. Ошондо дагы келип калам деген үмүттөмүн”,- деди Журну. Айта кетсек, ШТАБ борбору Медия тармагындагы чет өлкөлүк чеберлер менен көптөгөн долбоорлорду түзүп келишет. Алардын бири Николя Журну экени айтылды.
1. Николя Журну.
3. “BISHKEK SHORO GIRLS” сүрөтү.
4; 5; 6. “ММКдагы саясий иллюстрация жана сүрөттөр” аттуу мастер-класстын окуучуларынын сүрөттөрү.