Акыйкатчы Турсунбек Акун Жогорку Кеңеште ант берди
Бүгүн, 14-февралда ЖКнын трибунасында КРнын Акыйкатчысы Турсунбек Акун расмий түрдө ант берди. Ал ант берүү менен 5 жылдык кызматтык мөөнөтүнө киришти. Төрага Асылбек Жээнбеков жалпы ЖКнын депутаттарынын атынан акыйкатчыны ант берүү аземи менен куттуктап, анын мындан аркы жарандардын укугу менен эркиндиктерин коргоо ишине ийгиликтерди каалады. Айта кетсек, Турсунбек Акун 23-январда көпчүлүк депутаттардын добушу менен экинчи мөөнөткө акыйкатчы кызматына шайланган.