Кыргыздын улуттук тамак-ашы, ыр-бийи тартууланган Нооруз майрамы "Манас айылында" өттү
Дасторкон жайылып, жаркын маанай менен кыргыздын улуттук тамактары тартууланды.
Нооруз майрамына кыргыздын улуттук кийимин кийип келген кыздар өзгөчө шаң менен жүрүштү.
Тирүүчүлүктүн, жаратылыштын жаңылануусунун жана жакшы тилектердин майрамы шаардын кичинекей тургундарына жагымдуу маанай тартуулады.
Борбор калаадагы Ленин районунун тургундары бүгүн, 21-Март - Нооруз майрамын "Манас айылы” тарыхый-этнографиялык комплексинде белгилешти. Аталган райондогу муниципалдык аймактык башкармалыктар тарабынан боз үйлөр тигилип, кыргыздын улуттук тамак-аштары толгон дасторкон жайылды. Концерттик программа менен кошо күрөш, аркан тартуу, кол күрөш, стол үстүндөгү теннис боюнча мелдештер өтүп, жеңүүчүлөр сыйланышты.
Бишкектеги Нооруз майрамынан репортаж
Автор: Айпери Ганыжан кызыФото: Айпери Ганыжан кызы