Депутаттар Ош шаарындагы Кыргыз-Өзбек университетинин ректорун дайындоо боюнча Билим берүү министрлигинин аракетин сынга алышты
ЖКнын бүгүнкү, 14-февралдагы жыйынында депутат Каныбек Осмоналиев өлкөнүн жогорку бийлигине болгон коомдун мамилесине кыскача токтолуп, мисалдарды келтирди. Акыркы күндөрү президенттин, премьер-министрдин жана парламенттин атына ар кандай туура эмес сөздөр айтылып жатканын айткан депутат буларга токтолду: "Ош шаарындагы Кыргыз-Өзбек университетиндеги окуяны баарыбыз көрдүк. Билим берүү министринин орун басары Зуура Каденова өзүнүн бир талапкерин аталган окуу жайга ректор кылып дайындады эле, ал жердеги жамаат аны жетелеп сыртка чыгарып койду. Андан соң министр барып өзү чыгарган буйрукту жокко чыгарды. Бул эмне деген мамиле?! Мындай кылууга жол берилбеши керек болчу",- деди.