Ыргал Кадыралиева: "Түрмөдө отурган жарандарды жол курдуруп иштетүү керек"
ЖКнын 14-февралдагы жыйынында депутат Ыргал Кадыралиева түрмөдө отурган жарандарды коомдук жумушка тартуу маселесин көтөрдү. "Өткөндө бир аксакал айтат, "Күрп-Сай ГЭСин мен кургам" деп. "Кандайча?" деп сурасам, "ошол учурда мен түрмөдө отургам" деп жооп берди. Азыр түрмөдө отургандар "мыйзамдагы ууру" аталып, саясатка аралашып, мамлекеттик башкаруу ишине кийлигишүүдө. Аларды өлкөдөгү ири жолдорду куруу иштерине тартуу керек. Алар кийинки муунга сыймыктануу менен айта алат "бул жолду мен кургам" деп, бир чети түрмөдө кургак учук менен оорубай, таза абада жаза мөөнөтүн өтөшмөк" деди депутат.