Бишкекте "ата журтчу" депутаттары боюнча кезектеги сот иши башталды

Бүгүн, 14-февралда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда депутаттар Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытов боюнча кезектеги сот иши башталды. Анда күбө катары УКМКнын 9-башкармалыгынын кызматкери Миржан Тууганбаев суралды. Ал 3-октябрдагы митингде аталган башкармалыктын төрагасы Замир Сабаевдин башы канап жүргөнүн көргөнүн айтты. "Митингчилер менен укук коргоочулардын ортосунда уруш чыгып кетип, башкармалыктын 6 кызматкери жаракат алган, ошондой эле Ак үйдүн тосмосунун ичинен муштумдай таштарды көрдүм",- деди Тууганбаев. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан