"Ош шаарындагы Кыргыз-Өзбек университетин жаап салуу маселесин карап чыгуу керек",- дейт Ыргал Кадыралиева

"Ош шаарындагы Кыргыз-Өзбек университетинин статусун аныктоо керек" деди депутат Ыргал Кадыралиева ЖКнын 14-февралдагы жыйынында. Депутаттын айтымында, аталган окуу жайды жаап салуу маселесин да карап чыгуу кажет. "Бул окуу жай бир тайпада 10-15 студенти менен эле жанында эле жайгашкан Ош технологиялык университетинде даярдалып жаткан кадрларды кайталап даярдоо менен алектенүүдө. Мунун зарылчылыгы барбы? Балким, башка багытта билим берген мекемеге айлантуу керектир",- деди эл өкүлү.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан