"Борбордогу Арча-Бешик жаңы конушунда эки баласын өлтүрдү" деп шектелип 2 айга камакка алынган аял "акыл-эси жайында эмес" деп табылды. Бул тууралуу бүгүн, 23-мартта SUPER.KG порталына Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынын башчысы Олжобай Казабаев билдирди.
"Эки баласын бычактаган" деп шектелген 33 жаштагы Амира Ибраева "акыл-эси жайында эмес" деп табылды. Бүгүн же эртең тергөөчү бүтүм чыгарып, аны сотко жөнөтөт. Тергөөчү, экспертизанын жыйынтыгына ылайык, кылмышка шектүү медициналык кароо жагынан медициналык жардамга муктаж экендигин белгилөөдө. Ал эми кылмышка шектүүнүн баш коргоо чарасын сот аныктайт",- деди О.Казабаев. Маалыматка ылайык, эки бала бир нече бычак жараатынан каза тапканы тиешелүү экспертизаларда аныкталган.
Бүгүн №1-СИЗОнун администрациясы жана Жазаларды аткаруу кызматы тиешелүү мекемелерге кылмышка шектүү А.Ибраеваны атайын ооруканага которууну өтүнгөн болчу. Алар "кылмышка шектүү тиешелүү адистер тарабынан психологиялык жардамга муктаж жана аны атайын дарылоочу жайга которуу керек" деп билдиришкен Жаза аткаруу кызматынан.
Айта кетсек, 15-февраль күнү Арча-Бешик жаңы конушундагы батирлердин биринен 3 жана 4 жаштагы балдардын жансыз денелери табылган. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары маркум балдардын апасы кармалган. Ошондой эле кылмышка шектүүнүн Бишкектеги мектептердин биринде мугалим болуп иштеп келгени белгилүү болгон.