Турсунбай Бакир уулу мектептерде Сүйүү күнүн белгилөөнү токтотуу керектигин айтты

 Депутат Турсунбай Бакир уулу ЖКнын 14-февралдагы жыйынында мектептерде Сүйүү күнүн белгилөөнү токтотуу керектигин айтып чыкты. Депутаттын айтымында, бул жорук кыргыз элине туура келбейт. "Кечээ Эл аралык презерватив күнү белгиленди, бүгүн Сүйүү күнү майрамдалууда. Мектептерге сүйүү каттарын таштоо үчүн атайын урна орнотулат экен, бул туура эмес. Окуучулар бири-бирине кат жазышат, аз кат алып калган окуучуга бул психологиялык сокку болот. Билим берүү министрлиги чара көрүп мектептердеги мындай урналарды алып салышы керек болчу",- деди депутат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан