Талас. Талас шаарында 14-февралга белгиленген ырчы Кубаныч Сатаевдин концертинин ордуна Мирбек Иманбековдун концерти өтмөй болду

Бүгүн, 14-февралда саат 18:00дө Талас шаарындагы “Кырк чоро” кинотеатрында ырчы Мирбек Иманбековдун “Айылым” аттуу концерти болот. Бирок бир апта мурун ушул күнү, ушул эле саатта ырчы Кубаныч Сатаевдин концерти боло тургандыгы жарыяланган болчу. Бул маселе боюнча кайрылганыбызда аталган кинотеатрдын башкы адиси Таалай Досматов буларды билдирди: “Ооба, Кубаныч Сатаев мурун эле “14-февралга концерт берем” деп кабарлаган. Бирок бул эки ырчы бири-биринин пландарын билишкен эмес экен. Алар өз ара макулдашып, бул күнү Мирбек Иманбеков концерт бермей болду. Ал эми Кубанычтын концерти март айларына жылдырылды. Мындай ыңгайсыздык жаралгандыгы үчүн Талас элинен кечирим сурайбыз”,- деди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан