Мамлекеттик асыл тукум борборунун директоруна карата сот өкүм чыгарды

19-март күнү Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Мамлекеттик селекциялык асыл тукум борборунун директору Байтемиров Баялинге карата өкүм чыгарды. Бул тууралуу бүгүн, 24-мартта Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, соттун чечимине ылайык, Байтемиров Баялин Кылмыш-жаза кодексинин 314-беренесинин (пара берүү) 2-бөлүмүнүн 1, 2-пункттарына ылайык күнөөлүү деп табылып, мамлекеттин эсебине 500 000 сом төлөйт.

Айта кетсек, Байтемиров бир канча жылдан бери айлыгына кошумча мыйзамсыз акча каражатын алып келген. Бул факты аныкталганда ал ишти жабуу үчүн Коррупцияга каршы кызматынын кызматкерлерине 50 миң сом пара берип жаткан жеринен кармалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан