Чүй облусунун Панфилов районунда мал уурулукка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 24-мартта Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине 27 жаштагы жаран кайрылган. Анда ал белгисиз адам 6 коюн уурдап кеткенин айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 48 жаштагы И.А. аттуу адам кармалган. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.