Бишкекте "16 жаштагы кызды зордуктоого аракет кылган" деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 24-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине Чүй облусунун 37 жаштагы А.Н. аттуу тургуну кайрылган. Анда ал Азамат деген бала 16 жаштагы кызын күч колдонуп зордуктоого аракет кылганын айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 23 жаштагы Т.Азамат кармалган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.