Сузакта экстремизм боюнча 8 үй тинтүүгө алынды. Бул тууралуу бүгүн, 24-мартта Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 23-март күнү Сузак районунун аймагында 8 ыкчам топ түзүлүп, Сузак районунун сотунун тинтүүгө уруксат берүү жөнүндөгү токтомунун негизинде 8 дарек боюнча текшерүү жүргүзүлгөн. Анын негизинде жалпысынан “Хизбут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмуна таандык болгон 102 даана DVD-диск, 37 даана китеп, 33 даана араб тилинде жазылган дептерлер, 3 даана кол телефон, 70 даана китепче, 3 даана блокнот алынган. Бул факт боюнча чогултулган материалдар кылмыш каттоо китепчесине катталып, юридикалык чечим кабыл алуу үчүн тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.