Сокулук районунда жөө жүрүүчүнү сүзүп, ал жерден качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 24-мартта Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы 18-март күнү болгон. Анда Бишкек-Ош унаа жолунун 13-чакырымында белгисиз айдоочу жөө жүрүүчүнү сүзүп, качып кеткен. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, айдоочу кармалган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.