Аламүдүн районунда адам өлтүрүүгө шектелген ата-бала кармалды

Аламүдүн районунда адам өлтүрүү фактысына шектелип ата-бала кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 24-мартта Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 23-март күнү Озёрное айылындагы турак үйлөрдүн биринен 45 жаштагы үй ээсинин жансыз денеси табылган. Эксперттер анын киши колдуу болуп өлгөнүн аныкташкан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 49 жаштагы жаран жана анын 26 жаштагы баласы кармалган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан