Ошто “эки жаранга бензин чачып, өрт койгон” деп шектелгендердин бири кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 24-мартта Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 19-март күнү Оштогу мектептердин биринин спорт аянтчасында 30 жаштагы Ю.Ф. жана анын Изатилла аттуу досу экөө күч колдонуп, 33 жаштагы Э.У. аттуу жарандын уюлдук телефонун тартып алышкан. Андан соң жогорудагы экөө Э.У. жана анын жанында жүргөн У.Фга бензин чачып өрттөшкөн. Анын кесепетинен Э.У жана У.Ф. денесинен күйүк алып, ооруканага жеткирилген. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалган.
23-март күнү кылмышка шектүү катары 1985-жылы туулган Ю.Ф. кармалган. Ал эми Изатилла аттуу адам изделүүдө.
Эске салсак, Ош облустук бириккен клиникалык ооруканасынын күйүк бөлүмүнө эки жаран алынып келинген. Алар 2-3-даражадагы күйүк менен жандандыруу бөлүмүнө жаткырылганы маалымдалган эле.