Орусияга башка адамдын паспорту менен кирүүгө аракет кылган кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 24-мартта орусиялык маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, кыргыз жараны Саратов облусундагы “Озинки” көзөмөл-өткөрүү жайынан кармалган. Текшерүү учурунда ага тиешелүү паспорт башка адамдыкы экени аныкталган. Учурда бул боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.