Аскер парадына өлкөнүн атынан катыша турган кыргыз жоокерлеринин жол киресин, тамак-ашын жана жатаканасын Орусия өз каражатынан каржылайт. Бул тууралуу бүгүн, 24-мартта Улуттук гвардиянын башкармалыгынын башчысы
Таалай Мырзабаев билдирди.
"Улуттук гвардиядан аскер парадына катыша турган 75 аскер кызматкери 24-апрель күнү Канттагы Орусиянын авиабазасынан учуп кетет. Алар Кызыл аянтта өтүүчү ири парадга карата машыгып, 15 күн бою катуу даярдыктарды көрүшмөкчү. Анан 9-Май күнү жоокерлерибизди Жеңиш күнүнө арналган параддан сыналгы аркылуу көрө алабыз. Чынын айтсам, жоокерлерибиз аябай толкунданып жатышат, себеби ал парадга катышуу чоң жоопкерчилик. Бул 75 жоокер өлкөнүн күчү, жүзү десек да жарашчудай. Аны дүйнө жүзү боюнча миллиондогон адамдар көрүшөт",- дейт Т.Мырзабаев.