Баткенде болгон катуу шамал мектептин жана спортзалдын чатырын учуруп кетти

Баткенде болгон катуу шамал мектептин жана спортзалдын чатырын учуруп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 24-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, бүгүн саат 10:00 чамасында болгон катуу шамал Баткен районунун Ак-Татыр айылындагы Т.Садыков атындагы орто мектебинин 20 даана шиферин жана Кара-Бак айылынын Б.Нарматов атындагы орто мектептин спортзалынын 271 чарчы метр чатырын учуруп кеткен. Учурда Райондук жарандык коргоо комиссиясы тарабынан иликтөө иштери жүргүзүлүүдө. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан