Жалал-Абадда Март революциясынын 10 жылдыгы белгиленди

Жалал-Абад шаарындагы "Эркиндик" аянтында 2005-жылдын 24-мартындагы революциянын 10 жылдыгына байланыштуу иш-чара өттү. Ага шаар тургундары, мекеме жетекчилери катышты. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди. 
Эске салсак, 2005-жылдын февраль айында болгон депутаттык шайлоолор өтө ыплас өтүп, эл колдогон адамдар мамлекеттик машинанын арты менен четке сүрүлүп, депутаттык мандаттарынан ажыраган. Мындай адилетсиздикке күбө болгон карапайым калк түп-тамыры менен көтөрүлүп, ар бир аймакта нааразычылык акцияларын өткөрө баштаган. 24-март күнү өлкөнүн ар бир бурчунан чыккан эл толкуну Бишкекке чогулуп, президент Аскар Акаевдин режими кулатылган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан