Бишкекте унаа уурдоого шектелген үч жаран кармалды

Борбор калаада унаа уурдоого шектелген жарандар кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 24-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, кечээ милицияга арыз менен шаардын тургуну кайрылган. Анда белгисиз жарандар анын көп кабаттуу үйлөрдүн биринин алдына токтотулган Мерседес үлгүсүндөгү унаасын уурдап кетишкенин айткан. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары эки 20 жаштагы жана 21 жаштагы жаран кармалды. Учурда алар камакка алынып, тергөө амалдары жүрүүдө.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан