Балыкчыдагы “Эдельвейс” аскер полигону Индиянын жардамы аркылуу жаңыланышы мүмкүн

Балыкчыдагы “Эдельвейс” аскер полигону Индиянын күч органдарынын жардамы аркылуу тоодо согушууга даярдоо боюнча базага айланышы мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн, 24-мартта "Канжар-2015" аталышындагы машыгуунун жыйынтыгында КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысынын орун басары Жаныбек Капаров билдирди. Анын айтымында, полигонду жаңыртуу боюнча сунуштар азыр Индиянын аскер консулу менен сүйлөшүлүүдө.

“Кыргыз жергесинин 85 пайызын тоолор түзөт. Өзүңөр көргөндөй, мындай шарттарда аскерлерге ыкчам аракет көрүү оңой эмес, атайын даярдыктар талап кылынат. Балыкчы шаарында полигонубуз бар, аны оңдоп-түзөп, ичине машыгууга керектүү спорттук шаймандарды орнотсок жакшы болмок. Индиялык кесиптештерибиз жергебизге келип, жаратылышыбызга абдан суктанып жатышат. Биргелешип өткөрүлгөн машыгуудан алар да тажрыйба алышты. Буюрса, “Эдельвейс” аскер полигонун тоодо согушууга даярдай турган базага айландырсак, өзүбүздүн жоокерлерге да жакшы шарттар түзүлмөк. Полигонду жаңыртууга 1-2 миллион сомдун тегерегиндеги акча каражаты керектелет”,- деди полковник Капаров. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан