Франциянын түштүгүндө кулаган Airbus A320 учагында 142 жүргүнчү жана 8 экипаж мүчөсү болгон. Алардын тагдыры азырынча белгисиз. Өлкө бийлиги кырсыкка кабылган учактагыларды тирүү табууга үмүт дээрлик жок экенин билдирди. Бул тууралуу 24-мартта чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Дюссельдорф шаарына багыт алган "Germanwings" компаниясына тиешелүү учак Барселонадан учуп чыкканы белгилүү болгон. Франциянын Жарандык авиация башкы башкармалыгы кырсык болгонун ырастап, окуя болгон жерден кыйраган учактын бөлүктөрү табылганын кабарлаган.
Ал эми Франциянын президенти Франсуа Олланд "Кырсыкка кабылган учактын бардык жүргүнчүлөрү каза болушу мүмкүн. Азырынча учактын эмнеден улам кулаганын айтуу кыйын" деди.