Вице-премьер-министр: "Өлкөдө 23 жыл аралыгында кургак учуктан болгон өлүмдөр 45 пайызга төмөндөдү"

Өлкөдө кургак учукка кабылгандардын саны жыл санап төмөндөөдө. Бул тууралуу бүгүн, 24-мартта маалымат жыйынында КРнын Вице-премьер-министри Дамира Ниязалиева билдирди.
"Кургак учук менен жыл сайын ооруп калган адамдардын саны акырындап болсо да азайып баратат. 1990-жылдан тарта 2013-жылга чейин кургак учуктан болгон өлүмдөр 45 пайызга төмөндөдү. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун баамдоосу боюнча, 2000-жылдан 2013-жылга чейин 37 миллион адамдын өмүрү кургак учуктун диагностикасынан жана дарылоосунан улам сакталып калды",- деди Д.Ниязалиева.  
Анын айтымында, 2013-жылы жарандык сектордо өлүмгө учуроо 100 миң адамга 7,7 пайызды түзүп, 441 бейтап катталган болсо, ал эми 2014-жылы 100 миң адамга 6, 7 пайызды түзүп, 389 бейтап катталган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Dinki
2015-03-24 18:29:57
Кургак учуктун белгилери кандай болот?Супер инфо кененирээк маалымат барип койсонуздар
0
aziko88
2015-03-24 22:01:14
Dinki, дене табы котрулот,арыктайт алсырап тердейт эки жумадан ашык жотолсо врачка кайрылуу керек,айрымдары кан тукурушу мумкун.адамдын апетити такыр жоголот.
0
Dinki
2015-03-24 22:08:41
aziko88, рахмат чоон билип алган жакшыда
0
admin_portal
2015-03-25 10:35:37
Dinki, саламатсызбы!
Төмөндөгү шилтеме аркылуу өтүп, окуй аласыз: http://www.super.kg/article/?article=21269
0
bakyt9
2015-03-24 23:12:14
Кудайым бул ооруу м.н эч кимди оорутпасын бул оорууга чалдыкандарга биринчи кезекте маралдык жардам керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан