13-февралда премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев бюджеттик каражаттарды натыйжалуу пайдалануу боюнча жыйын өткөрдү. Анда өкмөт башчы өлкөнүн 2013-жылдын бюджети кабыл алынгандан кийин министрликтерден жана мекемелерден бюджетинин чыгаша бөлүгүн көбөйтүү тууралуу көптөгөн суранычтар келип түшкөнүн маалымдады. “Биз ал суранычтардын бардыгын аткара албайбыз. Каражаттар бюджетте конкреттүү беренелер боюнча бөлүнгөн. Ошондуктан бардык министрликтер жана мекемелер өздөрүнүн чыгаша бөлүгүн кайрадан карап чыгуулары керек. Мындан сырткары Ысык-Көлдөгү жер титирөө менен Баткендеги чек ара окуялары бюджетке таасирин тийгизди. Ар бир министрлик өздөрүнүн көп маселелерин бюджетте каралган каражаттар менен эле чечсе болот",- деди Сатыбалдиев.