Франциянын түштүгүндө 23-мартта болгон авиакырсыкта Airbus A320 учагынын калдыктары тоо арасында 10 гектар жерге чачырап кеткен. Учактын 142 жүргүнчүсү жана 8 экипаж мүчөсү мерт болду, тирүү калгандар жок. Бул тууралуу бүгүн, 25-мартта чет элдик басылмалар жарыялашты.
Алгач "учактагы жүргүнчүлөрдүн тагдыры белгисиз" деген маалымат тараган. Бирок өлкө бийлиги учактагыларды тирүү табууга үмүт дээрлик жок экенин айткан. Барселонадан Дюссельдорфго учкан учак германиялык "Germanwings" компаниясына тиешелүү экени айтылып, аталган компаниянын жетекчиси Томас Винкельман бул учак 10 жылдан бери кызмат кылып, бул аралыкта 47 миң учуу жасаганын билдирди.
Учурда кырсык болгон жерде Франциянын жана Германиянын куткаруучулары иш алып барышууда, алардын айтымында, учактын сыныктарын жана ичиндеги жүргүнчүлөрдү чогултууга бир нече күн керектелет. Анын үстүнө учак кулаган жер тоонун арасы болгондуктан, иш татаалданууда. Каза тапкандардын арасында 20дан ашуунун жаш бала болгон.