Ош шаарында “Адеп башаты” коомдук прогрессивдүү фонду жана “Эл уулдары” коомдук жаштар бирикмеси тарабынан 14-февраль - Сүйүү күнүн майрамдоого каршы акциялар өтүүдө. Мындай иш-чаралар ЖОЖдордо жана студенттик жатаканаларда 10-февралдан бери уланууда. “Биздин максат - жаштарды бул майрамдын арты менен жаман жолдорго баруудан сактоо жана алардын жүрүм-турумун жакшы жакка буруу. Тарыхы жакшы окуядан башталбаган бул күндү майрамдоодон улам моралдык, материалдык жактан жабыр тарткан жаштар көп кездешүүдө. Ошондуктан жатаканаларда жана ЖОЖдордун башкы имараттарында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, акция өткөрүлүүдө”,- дейт “Эл уулдары” коомдук жаштар бирикмесинин мүчөсү Жумамидин Сулайманкулов.