Кара-Балта шаарында жергиликтүү тургун аялын өлтүрүп, андан соң өзү да асынып алган. Бул тууралуу бүгүн, 25-мартта SUPER.KG порталына Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынын ага тескөөчүсү Нургүл Нусупова билдирди.
Маалыматка ылайык, бул каргашалуу окуя 16-март күнү болгон. Анда Жайыл райондук милициясына 50 жаштагы Ф.Э. аттуу жаран өз үйүндө асынып алганы тууралуу билдирүү түшкөн. Окуя болгон жерге келген милиционерлер үйдүн жер төлөсүнөн маркумдун аялынын да жансыз денесин табышкан.
Бул факт боюнча милицияга маркумдун Казакстанда жашаган эжеси билдирген. Ага бир тууган иниси телефон чалып кечирим сураган да, аялынын өмүрүн сактай албагандыгына өкүнгөнүн билдирген. Ошондой эле аялы ага таарынып уксус ичип каза болгонун айткан. Мындан улам маркумдун эжеси Казакстандан кайтып келип, инисинин жана келининин жансыз денелерин көргөн.
Окуя болгон жерге келген адистер аялдын денесинен бир нече жаракаттарды таап, аялдын оозунан көбүк чыгып турганын айтышкан. Ал эми соттук-медициналык экспертизадан аялдын 2 кабыргасы сынып кеткени да аныкталган.
"Учурда бул факт боюнча "адам өлтүрүү" беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Андан сырткары тиешелүү бардык экспертизалар дайындалды, азыркы тапта иликтөө иштери жүрүүдө",- деди Н.Нусупова.
Маркумдардын коңшулары бул үй-бүлө акыркы учурларда көп урушуп жүрүшкөнүн айтышкан. Каза болгондордун ортосунда 23 жаштагы майып кызы калды, анын баса албай турганы жана сүйлөбөгөндүгү белгилүү болду.