Ошто шаар тургунуна 5 литр бензин чачып, өрт койгондордун бири табыла элек. Бул тууралуу бүгүн, 25-мартта Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 19-март күнү Оштогу мектептердин биринин спорт аянтчасында 30 жаштагы Ю.Ф. жана анын Изатилла аттуу досу экөө 33 жаштагы Э.У. аттуу жаранга 5 литр бензин чачып, өрттөп жиберишкен. Анын кесепетинен жабырлануучунун денесинин көпчүлүк бөлүгү күйгөн. Ошондой эле өрттү өчүрүп жатып У.Ф. да күйүк алган. Учурда кылмышка шектүү катары 30 жаштагы Ю.Ф. кармалган. Ал эми Изатилла аттуу жаран изделүүдө.
Эске салсак, Ош облустук бириккен клиникалык ооруканасынын күйүк бөлүмүнө эки жаран алынып келинген. Алар 2-3-даражадагы күйүк менен жандандыруу бөлүмүнө жаткырылганы маалымдалган эле.