Орусияда кыргыз жаранынын көзүнө атып кеткен факты боюнча кылмыш иши козголду

Москвада тапанча менен кыргыз жаранынын көзүнө атышты. Бул тууралуу бүгүн, 25-мартта орусиялык басылмалар жазып чыгышты. 

Маалыматтарга ылайык, шаардын Алтуфьев шоссесинде белгисиз адам кыргыз жаранын бир нече жолу пневматикалык тапанча менен аткан. 

"Кыргыз жараны көзүнөн жаракат алган. Ошол эле күнү кылмышка шектүү кармалган. Ал эч жерде иштебеген 24 жаштагы жаран экени белгилүү болгон. Ал эми жабырлануучу ресторандардын биринде айдоочу болуп иштечү. Учурда аталган окуя боюнча "курал колдонуу менен коштолгон бейбаштык" беренесинин негизинде кылмыш иши козголду",- деп билдиришет басылмалар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан