КРнын "Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө" кодексине толуктоолор киргизилди

13-февралда президент Алмазбек Атамбаев "КРнын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолорду киргизүү тууралуу" мыйзамына кол койду. Маалыматка ылайык, аталган мыйзам жарандардын эркин жүрүүгө укуктарын коргоону күчөтүүгө багытталган. Мыйзамга ылайык, мындан ары жолду тосуп, мыйзамды бузган жеке жактарга 3 миң сом өлчөмүндө, юридикалык жактарга 50 миң сом өлчөмүндө администрациялык айып салынат. Ал эми ошол эле аракеттер жол тосуучу буюмдарын орнотуу менен жасалганда жеке жактарга 50 миң сом, юридикалык  жактарга 70 миң сом администрациялык  айып салууга алып келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан