Кечээ, 24-мартта саат 17:00 чамасында Ат-Башы районунун Ак-Муз айылында аба температурасынын жогорулашынан улам эриген кардын суулары 3 кожолуктун короолорун каптаган. Айыл тургандары тарабынан чогулган суулар арыктын нугуна салынып, жээктен ашып кетүү коркунучу жоюлган. Учурда аталган аймак Райондук жарандык коргонуу комиссиясынын көзөмөлүндө. Агын сууларды башка нукка салуу иштери бүгүн да улантылат.