100 миң доллар пара менен кармалган прокуратура кызматкери убактылуу кармоочу жайга киргизилди

100 миң доллар пара менен кармалган прокуратура кызматкери убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу бүгүн, 25-мартта УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 19-март күнү Коррупцияга каршы кызматына жеке ишкер кайрылган. Анда ал Башкы прокуратуранын кызматкери кылмыш ишин токтотуу үчүн 200 миң доллар талап кылып жатканын айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгынын башчысы А.К. 100 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалган. Учурда “кызмат абалынан пайдалануу”, “пара талап кылуу” беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат. Ал эми кармалган А.К. УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Башкы прокуратуранын кызматкери пара менен кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (26)
Kozer
2015-03-25 13:27:54
Ва йоооо кудай уруп калган экенда 100 мин долларда алабы? Балким 100 эле доллар болсо керек? Мини жок эле,чын эле ушундайга барып калдыкбы?
-2
mandalak
2015-03-25 13:51:15
Жеке ишкерди деле кимдир бтроо сотко бердида анан утулаалырын билип прокротурага кайрылса прокурор акча сураса жини келип УКМК га кайрылып карматып салдыда. жардам берейин десе керек байкуш Прокурор деле . жеке ишкердин прокурорго кайрылганына караганда жеке ишкердин деле иши оттоо оор окшойт.
+2
Gsuita
2015-03-25 13:57:38
Иши оор болгон учун 200 мин пара талап кылса керек туурабы.
0
Gsuita
2015-03-25 13:58:20
Жонокой адамдардын тушуно да кирбейт мынча акча козубуз кормок тургай
+5
nurik2103
2015-03-25 15:03:58
Бул сумма емне болуп калыптыр, Сахалиндин губернаторунун уйунон 1 000000000 рубл табылдыго, таразага койсо 200кг екен
0
danyshman
2015-03-25 15:05:47
Карапайым элге озубуздун сомубуз жетбей жатса,булар жуз миндеген долларды чачып ойношот.
0
elif
2015-03-25 18:25:46
Tuurasin aytish kerek,Atambaevdi jaman degenibiz menen ech bir biylikte minchalik para algandar karmalgan emes,azir ay sayin ele biroo karmalip atat.
0
elif
2015-03-25 18:27:24
Jaka belinerde osobnyaktarda,villalarda jashap atip men ayligim menen ele kun korom degenderge aldanbagila,aylik menen jashagan ech kim anday bayliktarga jetishe albayt
0
jypar.i
2015-03-25 19:49:26
Мына сага,ушунча да тойбос болобу?Карапайым адамдар тамак-ашка,балдарынын кийим-кечесине, мектебине,бакчасына эптеп жеткирип жатса, прокуролордун кылганын карагыла!Ал акчаны алып, жаңы машина алып, саунага барып (ким менен барары белгилүү да), ичип-жеп чардап жашайын деди да.Канчалагандар квартиралап жүрүшөт, айлыгынын көбүн ижарага төлөп, 100миң долларды түшүндө да көрбөй.Сооп гана болуптур, эми чыныгы жазасын алаар
0
make2
2015-03-25 19:57:24
чыгатта ошон үчүн А.К деп жазып койдуда
0
Taku.14.02
2015-03-25 20:05:37
кармалганын угуп эле атам соттолгон адамдар бар бекен же мен укпай жатамбы
+1
Sadyrov_n93
2015-03-25 22:30:22
Блиин ушунча да алабы,ушинтип алып ар кимден анан балдары тайрандап журот да Лексустарды минип кадаланып
+1
st1m_
2015-03-25 23:48:52
Карачы акмактын кекиртегинин кендигин мындай керней кекиртектер парламентте, окмотто,президенттик аппаратта, соттордо пачка-пачкасы менен да.Ошолордун ар бири ушундай суммадан сугунуп олтурганын элестетип кой.Ошондо Кыргыздын кешигин кедейтип аткан жалан ошол кыргыздын элитасы деген чон курсактар болуп атпайбы.Шаардык депутатын опера балетте балеттин бийчи кыздарын бийлетип туулган кун тосуп атса башка жер калбагансып, андан чонураактары эмне кылып жургонун айтпай эле кой да.
+2
Patrik
2015-03-26 09:01:14
лично мага баары бир.
-1
Sahok
2015-03-26 09:31:38
мындыййдын кобун жеген го ал
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан