Бостондогу жардырууга шектүүлөрдүн досу делген кыргыз жараны укук коргоочуларга жалган маалымат бергендигин айтты

2013-жылы Бостондогу террордук актка негизги шектүү ага-ини Тамерлан жана Жохар Царнаевдердин досу делген кыргыз жараны Хайрулложон Матанов сотто өз күнөөсүн моюнуна алды. Бул тууралуу бүгүн, 24-мартта чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматтарга ылайык, ал терактка чейин бир нече саат калганда Царнаевдер менен тамактанганын билдирди. Ал эми кармалгандан кийин ал бул маалыматты танып келген. "Кечээки соттук отурумда 24 жаштагы Матанов кылмышка байланыштуу далилдерди жок кылганын айтты. Тактап айтканда, ал ноутбуктан Бостондогу жардырууга тийиштүү материалдарды өчүрүп салган. Эми ага карата соттук өкүм 18-июнда чыгары күтүлүүдө",- деп билдиришет басылмалар.

Эскерте кетсек, "2013-жылдын 15-апрелинде Бостон шаарында өткөн марафон учурунда эки жардырууну жасаган" деп шектелип Жохар Царнаев 19-апрелде кармалган. Ал эми анын агасы Тамерлан Царнаев 18-апрелде аталган окуядан соң полиция кызматкерлери менен атышуу учурунда окко учкандыгы айтылган. Жарылуунун натыйжасында 4 адам каза болуп, 183ү жаракат алган. Мындан тышкары 2014-жылдын 2-июнунда “АКШнын Бостон шаарындагы жардырууга тиешеси бар” деп айыпталып 23 жаштагы кыргызстандык Хайрулложон Матанов колго түшүрүлгөнү боюнча маалыматтар тараган. Буга чейин ал террордук чабуулга негизги айыпталуучулар Жохар жана Тамерлан менен достук мамиледе болгонун айтып, бирок суракта муну танган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Saribulak
2015-03-25 10:49:29
Дагы деле кыргыздарды озбектер жаманатты кылып журушот. Озунон корсун эми копко камалатго.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан