Чүй облусунун тургуну таап алган ок атуучу куралды өз эрки менен тапшырды. Бул тууралуу бүгүн, 25-мартта Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 19-март күнү Асылбаш айылынын 22 жаштагы Т.Б. аттуу тургуну өз эрки менен жайлоодон таап алган ок атуучу куралды тапшырган. Ошондой эле Военно-Антоновка айылынын 31 жаштагы А.М. аттуу тургуну да өз эрки менен Ф-1 гранатасын милицияга алып келген.