Акыркы суткада өлкөдө 13 өрт кырсыгы катталып, борбордогу соода күркөлөрүнүн бири толугу менен күйүп кетти

Жарандык коргонуунун Өрткө каршы күрөшүү кызматынын маалыматы боюнча, республиканын аймагында 13 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 14 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Бул тууралуу бүгүн, 25-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. 
Борбордогу Лев Толстой көчөсүндөгү соода күркөлөрүнүн биринен өрт чыкты. Натыйжада жыгач устундуу, темир менен жабылган, жалпы аянты 14 чарчы метр соода күркөсү, ичиндеги 6 муздаткыч,1 кондиционер,1 жылыткыч, 2 текче, 1 сыналгы жана сатыкка коюлган азык-түлүктөр күйгөн. Ошондой эле Баткен шаарындагы Раззаков көчөсүндөгү жыгач устундуу, шифер жабылган, аянты 30 чарчы метр соода күркөсү толугу менен өрттөндү. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан