Ош шаардык кеңешинин депутаттары шаардын 2013-жылга бюджетин бекитишти. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Шаардык кеңештин жыйынында 2013-жылга карата иш планынын долбоору талкууланып, 2012-жылы Ош шаарында социалдык-экономикалык тармакта аткарылган иштери боюнча маалымат угулду.
Шаардын вице-мэри Алимжан Байзаков экинчи борбор шаардагы курч маселелердин бири - бала бакчалардын жетишсиздиги экенин айтты. “Бүгүнкү күндө шаар бала бакчалар менен 32 пайызга гана камсыздалган. Бул жылы биз 2 бала бакча курууну пландадык. Ошондой эле бала бакча курууга жер тилкелердин жоктугу болуп жатат",- деди вице-мэр.