Борбор калаада жол кырсыгы катталып, айдоочу оор жаракаттарды алды

Борбор калаада жол кырсыгы катталып, айдоочу оор жаракаттарды алды. Бул тууралуу бүгүн, 25-мартта Ички иштер министрлигинин Жол-кайгуул кызматынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы Эркиндик бульвары менен Бөкөнбаев көчөсүнүн кесилишинде болгон. Анда Мицубиси Галант жана Тойота Прадо үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн. Натыйжада Мицубиси үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу көптөгөн оор жаракаттарды алып ооруканага жеткирилген. Кийинчерээк жол тандабастын айдоочусу да жаракат алганы аныкталып, ал да ооруканага жеткирилген. Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан