Ысык-Ата районунда 70 миң рубль жасалма акчаны сатууга аракет кылгандар кармалышты

Ысык-Ата районунда 70 миң рубль жасалма акчаны сатууга аракет кылгандар кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 25-мартта Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине "Росинбанктын" Канттагы филиалынын кассири кайрылган. Анда ал европа улутундагы эки адам жасалма 70 миң рублду сатууга аракет кылышканын билдирген. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 1958-жылы туулган С.А. жана анын 1987-жылы туулган баласы кармалган. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан