Баяс Турал Элдик курултай институтун батыраак кабыл алууну сунуштоодо

"Кыргыз эли 3 улуу держава: Кытай, Орусия жана АКШнын кызыкчылыктары кагылышкан аймакта жашап жатат". Мындай пикирин бүгүн, 25-мартта маалымат жыйынында "Элдик курултай" кыймылынын төрагасы Баяс Турал билдирди. Анын айтымында, аталган державалардын ар бири Борбордук Азия республикаларын өздөрүнүн ээлигине киргизүүгө, жок дегенде өздөрүнүн саясий таасиринде кармоого аракеттенишет.
"Кытайдын, Американын жана Орусиянын асман чапчыган программалары буга далил. Борбордук Азияда коогалаң чыгаруу геосаясий картасын өздөрүнүн пайдасына өзгөртүүнү каалаган бир канча күчтөрдүн активдүүлүгү жүрүп жаткандыгын да эстен чыгарбашыбыз керек. Ошондуктан Элдик курултай институтун батыраак кабыл алып, чечкиндүү кадамдарга барышыбыз керек",- деди Баяс Турал.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан