Бишкекте психотроптук зат менен шаардын тургуну кармалды

Бишкекте психотроптук зат менен шаардын тургуну кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 25-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында И.Ахунбаев жана Ж.Пудовкин көчөлөрүнүн кесилишинен 42 жаштагы А.М. аттуу жаран кармалган. Анда анын жанынан "Клоназепам" аталышындагы 11 таблетка табылган. Учурда бул факт боюнча иликтөө улантылууда. 

Маалымат үчүн: Клоназепам күчтүү транквилизатор болуп саналат. Айрым учурларда ал баңгизат катары колдонулат. Аны көп ичүү эс тутумду жоготууга алып келиши мүмкүн. Ал эми дайыма колдонуу ага көнүп алууга жана депрессияга жеткирет. 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан